27.11.2019 16:19

«БеспределKG» баракчысынын  администратору эмне үчүн кармалганы белгилүү болду

«БеспределKG» баракчысынын  администратору эмне үчүн кармалганы белгилүү болду

«БеспределKG» баракчысынын  администратору эмне үчүн кармалганы белгилүү болду

Бүгүн, 27-ноябрда Facebook социалдык тармакта “БеспределKG” баракчасына администраторлук кылган Афтандил Жоробеков кармалгандыгы белгилүү болгон. УКМК А. Жоробековду убактылуу кармоочу жайга киргизгенин, ага регионалдык кастык жаратуу боюнча айып тагылып жатканын билдирген.

Көп өтпөй Facebook социалдык тармакта ошол эле “БеспределKG” баракчасы аркылуу Афтандил Жоробековдун карындашы Чынара Темирова КР президенти Сооронбай Жээнбековго видеокайрылуу жасады.

Анын маалыматына караганда агасы Жоробеков Афтандил Темирович 1984-жылкы. Коррупцияга каршы митингке бир күн калганда 24-ноябрда кармалган. Ага КР кылмыш жаза кодексинин 313-беренеси “Этникалык, улуттук жана регионалдык кастык жаратуу” боюнча айып артылууда.

Айтымында далил катары БеспределKG баракчасындагы 2019-жылы 23-ноябрда жарыяланган постту көрсөтүшкөн.